Биз менен байланышыңыз

Үсөнбаев: Бишкектеги СИЗО-1дин аймагына коронавирус кирген эмес

Кыска кабар | 16 мая 2020 | 433 | 0

Бишкек шаарындагы СИЗО-1дин аймагына коронавирус инфекциясы тараган эмес. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, СИЗО-1де иштеген кызматкердин илдетти жуктурганы 10 күн мурун эле аныкталган.

Кызматкер менен байланышта болгондор медкөзөмөлгө алынган. СИЗО-1дин аймагына инфекция кирген эмес. Анткени ал кеңседе отуруп иштеген кызматкер болгон. Анын үй-бүлөсү жана байланышта болгон жарандардан илдет табылган жок, — деди Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1117 адамга жетти. Анын ичинен 783 бейтап сакайып, 14 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM