Биз менен байланышыңыз

Атамбаевдин камактагы тарапташтары коронавируска анализ тапшырды

Кыска кабар | 13 мая 2020 | 786 | 0

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин №1 убактылуу кармоочу жайдагы ( СИЗО-1) бир нече тарапташынан коронавируска ПЧР анализ алынды. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Мурунку премьер-министр Сапар Исаков, мурунку депутаттар Равшан Жээнбеков жана  Мээрбек Мискенбаев, Атамбаевдин Президенттик аппаратынын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов, УКМКнын мурунку кызматкери Канат Сагынбаев, ошондой эле Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев жана Карыпбек уулу Рыспек анализ тапшырды.

Маалыматка ылайык, баарынын анализинин жыйынтыгында оору аныкталган жок.

Copyright © 2017 Maral FM