Биз менен байланышыңыз

Тарых музейи, ипподром боюнча сот 31-мартка жылды

Кыска кабар | 24 Мар 2020 | 1050 | 0

Бишкектеги Тарых музейин жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоо боюнча соттук отурум кийинкиге жылды. Буга айыпталуучулардын бири Сапар Исаковдун жактоочулары процесске келбей калганы себеп болду.

Бул иш боюнча экс-премьер-министр Сапар Исаков жана президенттин мурдагы кеңешчиси Мира Карыбаева айыпталууда.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, Сапар Исаков мамлекеттин казынасына зыян келтирилгенине карабастан, чет элдик компаниянын пайдасына келишим түзүү боюнча тийиштүү жактарга көрсөтмө берген. Ал эми Мира Карыбаева бул мыйзамсыз аракеттерди билип туруп, ал келишимди ишке ашырууга көзөмөл кылган.

Кийинки соттук отурум 31-мартка белгиленди.

Copyright © 2017 Maral FM