Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик тарых музейи ноябрь айында ачылат

Кыска кабар | 16 Сен 2021 | 566 | 0

Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейи үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында ачылуусу пландалып жатат. Бул тууралуу маалымат жыйында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова билдирди.

Анын айтымында, экспонаттар боюнча иш аягына чыга элек.

«Мамлекеттик тарых музейин ачуу бир тараптуу чечилбейт. Германиядан адистер келип, сүйлөшүү жүрүп жатат. Биз музейди ноябрь айына ачууну пландап жатабыз. Ал эми музейдин ичиндеги экспонаттар боюнча иш аягына чыга элек”, — деди Аманова.

Тарых музейи 2016-жылы оңдоп-түзөө үчүн жабылган. Аны реконструкциялоо иштерин Түркиянын Кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) милдетине алган. Бирок кийинчерээк, оңдоп-түзөөнүн биринчи этабы аяктаган соң, Кыргызстан менен Туркиянын мамилеси солгундап кеткенине байланыштуу ТИКА ишти андан ары улантууну белгисиз мөөнөткө токтотуп койгон. Мындан улам ишти бүткөрүүнү мамлекет өзү алып, өлкө бюджетинен 1,5 млрд сом бөлүнгөн. Ошондой эле оңдоо иштеринин кийинки этабы Германиянын Vitrinen-und Glasbau REIER компаниясына тапшырылган.

2018-жылы Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясы бул боюнча атайын иликтөө жүргүзүп, музейдеги эмерек, экспонат, буюм-тайымдар өз баасынан төрт-беш эсе кымбат сатылып алынганын аныктап, корутундусун жарыялаган. Башкы прокуратура аталган иштин негизинде мурдагы премьер-министр Сапар Исаков баштаган бир нече мамлекеттик кызматкерге иш козгогон.

Copyright © 2017 Maral FM