Биз менен байланышыңыз

Тарых музейин оңдоого байланышкан сотто экс-министр Алтынбек Максутов сурак берди

Кыска кабар | 17 Мар 2020 | 837 | 0

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоп-түзөө иши боюнча соттук отурум уланды.

Анда мурдагы маданият министри Алтынбек Максутов, өкмөт аппаратынын маданият жана билим берүү бөлүмүнүн мурдагы башчысы Мирбек Акматов жана «Азат» компаниясынын башкы директору Мелис Казакбаев күбө катары сурак беришти.

Сотто төрагалык кылуучу судья Марат Сыдыков отурумда айыпталуучулардан сурак алуу этабына өттү.

Эскерте кетсек, Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча экс-премьер-министр Сапар Исаковго Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан.

Мамлекетке жалпысынан 247 млн сомдук зыян келтирилгени айтылат – Тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн сом.

Copyright © 2017 Maral FM