Биз менен байланышыңыз

Тарых музейи боюнча териштирүүлөр бир ай ичинде жыйынтыкталат

Кыска кабар | 24 Дек 2018 | 659 | 0

Мамлекеттик тарых музейи 2019-жылы ачылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, музейди реконструкциялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин тергөөсү аяктап, бир ай ичинде териштирүүлөр жыйынтыкталат.

Белгилей кетсек, тарых музейнинин ачылышы 2018-жылдын башынан тарта үч ирет жылдырылган. Башында ал март айында ачылат деп айтылган. Кийинчерээк музейдин ачылышы Кыргызстандын көз карандысыздык күнүнө – 31-августка жылдырылган.

Май айында Жогорку Кеңештин депутаттары музейдеги жаңылоо иштери менен таанышып, коррупциялык иштер болгонун айтып чыгышкан. Укук коргоо органдары 5 берене боюнча кылмыш иши козгогон.

Учурда УКМКнын коррупцияга каршы кызматы оңдоо иштерине кеткен чыгымдарды иликтеп жатат. Иликтөөнүн жыйынтыктары тууралуу толук маалымат чыга элек.

Copyright © 2017 Maral FM