Биз менен байланышыңыз

Тарых музейиндеги коррупция боюнча соттук отурум өтпөй калды

Кыска кабар | 14 Янв 2020 | 571 | 0

Бүгүн, 14-январда Биринчи Май райондук сотуна белгиленген Кыргыз улуттук искусство музейин оңдоп-түзөө жана Чолпон-Атадагы ат майданды реконструкциялоо боюнча соттук отурум өтпөй калды.

Бул тууралуу айыпталуучулардын жактоочулары маалымат каражаттарына билдирди. Соттук отурумга күбөлөрдүн келбей калгандыгына байланыштуу кийинки отурум 21-январь күнү саат 14:00гө жылдырылды.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Тарых музейин оӊдоодо 101 миллион 600 миң сом, ат майданды оӊдоодо 145 миллион 900 миң сом мамлекетке зыян келтирилгени аныкталган. Бул эки кылмыш иши бир өндүрүшкө бириктирилип, алар боюнча курулушка тиешеси бар 6 аткаминерге айып тагылган.

Алардын катарында экс-премьер-министр Сапар Исаков, президенттик аппараттын жарандык өнүгүү, диний жана этникалык саясат боюнча мурдагы бөлүм башчысы Мира Карыбаева, мамлекеттик курулуштун башчысынын мурдагы орун басары Алмазбек Абдыкаров, турак жай жарандык курулуш департаментинин мурдагы башчысы Шайбек Атамбеков, Шайбек Атамбековдун орун басары Улукбек Матисаков, «СМУ-3» курулуш компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Айдарбек Мендеев бар.

Экс-премьер Исаков Чолпон-Атадагы ат майданынын курулушун жана Тарых музейин реконструкциялоодо күнөөсү жок экенин айтып келет.

Copyright © 2017 Maral FM