Биз менен байланышыңыз

Исраилов: Бишкек ЖЭБине күн сайын 3-3.5 тоннадай көмүр келүүдө

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Сен 2019 | 573 | 0

Быйыл Бишкек ЖЭБи жылуулук үчүн 4 тонна мазут, 1 млн 140 тонна көмүр керектейт. Анын ичинен 680 миң тонна кара алтын Кара-Кече көмүр кенинен келет. Жылуулук берилип баштаганга чейин кампада 200 миң тонна көмүр болушу керек. Учурда кампада 138 миң тоннадай көмүр бар. Бул тууралуу Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Абдылда Исраилов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кампага күн сайын үзгүлтүксүз 3-3.5 тоннадай көмүр келүүдө. Мындан сырткары, 60 миң тонна кара алтын Таш-Көмүр көмүр кенинен келет.

Ал эми Ош ЖЭБине 15 миң тонна мазут керектелет. Ал Кочкор-Атадагы «Кыргызнефтегаз» мекемесинен алынат.

«Тендерди уткан казакстандык «Контакт Углепром» компаниясы менен 400 миң тонна көмүр боюнча келишим түзүлдү. Сынактык комиссия баарын изилдеп чечим чыгарды», — дейт Исраилов.

Ал белгилегендей, 114 кошумча трансформатор коюлуп, 283 трансформатор алмашылды. 220 км аба чубалгы оңдолду. 8 айдын жыйынтыгында жалпы 561 миллион сомго оңдоо иштери жасалды.

«220 метр линия реконстукциядан өттү. Модернизациядан кийин жергиликтүү көмүргө ылайыкташтырылган 2 буу казан курулган. 18 буу казандын тең жарымы сырттан ташылып келген көмүргө муктаж. Чоң чыңалуудагы көмөкчордондордо иштер 92 %га аяктады», — дейт Исраилов.

Маалыматка ылайык, өткөн жылы Бишкек ЖЭБинде 550 миң тонна жергиликтүү көмүр керектелген.

Copyright © 2017 Maral FM