Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө ЖЭБден башка ири долбоорлор да текшерилүүдө

Кыска кабар | 15 Фев 2019 | 701 | 0

Кыргызстанда ири долбоорлордо мыйзам бузуу фактылары табылса, ага тийиштиги бар кызмат адамдарын кылымыш жоопкерчилигине тартуу зарыл. Мындай пикирди депутат Курманкул Зулушев парламенттин жыйынында билдирди.

Эл өкүлү жыйында Бишкек ЖЭБин модернизациялоодон тышкары, «Датка-Кемин» жогорку чыӊалуудагы өткөргүчү, «Түндүк-Түштүк» альтернативдүү жолу, «Акылдуу шаар» сындуу ири долбоорлорун, ошондой эле бир катар компаниялардын иликтөө боюнча тапшырмалар берилгенин эске салып, анын аткарылуу абалына кызыкты.

УКМКнын төрагасы Идирис Кадыркулов буга чейин негизги күч Бишкек ЖЭБин модернациялоо ишине бурулганын, азыр башка иштер да иликтене баштала турганын билдирди.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов анын сөзүн бекемдөө менен бирге, айрым иштер Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоору менен катар эле башка иштер боюнча да иликтөөлөр жүрүгүзүлүп келгенин белгиледи. «Бишкек ЖЭБи боюнча 8 эксперт менен 47 тергөөчү иштеди. Азыр алардын колу бошоп калды, жакында башка иштерди иликтөөгө жөнөтөбүз», — деп кошумчалады ал.

Ал эми Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов ушу тапта «Түндүк-Түштүк» жолунун бүткөрүлгөн участкалары аудит иштери жүргүзүлүп жатканын, Датка-Кемин» жогорку чыӊалуудагы өткөргүчү долбоору боюнча аудиттик текшерүү жумуштары башталганын айтты. «Аудит жыйынтыгы чыккан соӊ, материалдарды укук коргоо органдары менен бирге парламенттин кароосуна киргизебиз», — деди ал.

Депутат Курманкул Зулушев өлкө аймагында ишке ашырылган жана ишке ашырылып жаткан ири долбоорлордун жүрүшүн кылдат текшерип чыгып, мыйзам бузуу фактылары табылса, ага тийиштиги бар кызмат адамдарынын баарын кылымыш жоопкерчилигине тартуу зарылдыгын белгиледи.

 

Copyright © 2017 Maral FM