Биз менен байланышыңыз

Бишкек ЖЭБинде болгон кырсыктан эки кызматкер жабыркады

Кыска кабар | 6 Сен 2019 | 530 | 0

Бүгүн, 6-сентябрда Бишкек ЖЭБинде болгон өндүрүштүк кырсыктан эки кызматкер жабыркады. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ЖЭБдеги №7 турбинадан түтүк жарылып, эки электрикти күйүк чарпкан. Жаракат алган кызматкерлер №4 Бишкек шаардык ооруканасына жеткирилген.  Жарылган түтүк оңдолуп, кырдаал жөнгө салынды.

Учурда окуя боюнча комиссия түзүлүп, кырсыктын себептери иликтөөгө алынып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM