Биз менен байланышыңыз

Бишкек ЖЭБдин кызматкери оңдоо иштери учурунда күйүк алды

Кыска кабар | 18 Фев 2020 | 755 | 0

Бишкек Жылуулук электр борборунда кырсык катталды. Бүгүн, 18-февралда ЖЭБдин ичиндеги оңдоо иштери убагында электрдик тогунан 1984-жылы туулган электромонтердун денеси күйдү.

Бул тууралуу “Электрдик станциялары” ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.

Алдын ала маалымат боюнча ЖЭБ кызматкери бети жана колуна, тактап айтканда, денесинин 4 пайызы күйгөн. Ага алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн. Учурда жабырлануучу Травмотология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилип, дарыланууда. Окуянын чоо-жайын иликтөө үчүн комиссия түзүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM