Биз менен байланышыңыз

Карамушкина ЖЭБ боюнча депутаттардын жоопкерчилигин да кароону сунуштады

Кыска кабар | 14 Фев 2019 | 602 | 0

Бүгүн, 14-январда Жогорку Кеңеште Бишкек Жылуулук электр борборундагы авариянын себептерин изилдөө жана аны калыбына келтирүү үчүн алынган 386 миллион доллар өлчөмүндөгү насыянын пайдаланылышын териштирүү боюнча маалымат угулду.

Маселени кароодо депутат Ирина Карамушкина ЖЭБ боюнча парламенттин жана тиешелүү комитеттердин жетекчилеринин да жоопкерчилиги каралыш керек деген пикирин билдирген.

Ал эми эл өкүлү Каныбек Иманалиев Карамушкинага жооп кайтарып, бул иште депутаттар эмес, тендердик комиссия, министрликтер жооп бериш керек, – деди ал.

-Ирина Юрьевнанын логикасына таянсак, анда жыл сайын Жогорку Кеңештин төрагасын камап турушубуз керек. Биз жакында 156 млрд. сомдук республикалык бюджетти бекиттик. Ошол акчалар андан кийин министрликтерге, мектепке, жолго бөлүнөт. Анан ал акчалар ипподромду, тарых музейин, онкологиялык оорукананы курууда жегендей эле дагы желет. Туздөн-түз жегендер бар. Анан ошого төрага жооп береби? Бирок ага парламент эмес тиешелүү министрликтер, тендердик комиссия жооп бериши керек.

Иманалиев бул долбоорду колдогонун билдирип, 2013-жылы 9-сентябрда президенттин өкүлү келип, Кытайдын президенти келатат, тарыхый документке кол коюуш керек деп айтканын билдирди.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM