Биз менен байланышыңыз

Азия өнүктүрүү банкы Түндүк-Түштүк жолунун курулушуна 9,5 млн доллар грант берүүгө даяр

Кыска кабар | 15 мая 2019 | 467 | 0

Түндүк-Түштүк жолунун жалпы узундугу — 433 чакырым. Учурда анын Балыкчы шаарынан Кочкор айылына чейинки, Кочкор айылынан Эпкин айылына чейинки бөлүгүндөгү 68 чакырым жолду каржылоо маселеси калды, калган бөлүгү толук каржыланып бүттү. Ошондон улам, буга чейин Азия өнүктүрүү банкы менен каржы маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Каржы министринин орун басары Жеӊишбек Ногойбаев билдирди.

Анын айтымында, Азия өнүктүрүү банкы Түндүк-Түштүк жолунун курулушуна 78 млн. доллар көлөмүндө каражат, анын ичинде 68,5 млн. доллар жеӊилдетилген насыя, 9,5 млн. доллар грант берүүгө даяр. Насыяны жабуу мөөнөтү – 32 жыл, жеӊилдетилген мөөнөтү – 8 жыл. Ошону менен бирге, кыргыз тарап 12 млн. 750 миӊ доллар кошумча каражат кошууга тийиш. Насыя жеӊилдетилген мөөнөттө 1 %, андан кийин 1,5 % үстөгү менен берилүүдө.

Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеӊеште Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Зайым берүү жөнүндө макулдашууну жана Грант берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» ратификациялык мыйзам долбоору каралууда.

Эске салсак,  Түндүк-Түштүк жолунун курулушу 2021-жылы бүтүүгө тийиш. Азыр анын Балыкчы — Эпкин бөлүгүндөгү 68 чакырым жолдун курулушуна подрядчиктер тандалууда. Тендердин шарттарына ылайык, 1 км жолдун чыгымы – 700-750 миӊ доллар. Тендер жыйынтыгында ал арзандашы мүмкүн.

 

Copyright © 2017 Maral FM