Түндүк-түштүк альтернативалык жолун куруу үчүн дагы кошумча 56 млн доллар керек. Транспорт жана жол министрлиги бул сумманы Кытайдын Эксимбанкынан грант түрүндө алууну көздөп жатат. Бирок Кыргызстандын аталган банктан буга чейин алган каражаты 1 млрд доллардан ашты. Кошумча каражат керектөөгө жолдун долбоорунун чекилиги себеппи? Мында кандай жагдайлар бар? Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулу менен маек курдук.
-Алтынбек мырза, түндүк-түштүк альтернативалык жолуна 56 млн доллар керектигин министрлик сиздерге кабарлады. Мындай сумма чын эле керектөө же муктаждык экенине ынандыңызбы?
-Келген адистер кагаздарын тууралап келишти, чынында 56 млн доллар керек экен. Ар кандай төлөмдөрдү, карыздарды айтып, беришибиз керек десе, биз ар бирин ийне-жибине чейин карап чыга албайбыз да. Экинчиден, 56 млн долларлык иш кылынып-кылынбагандыгын да текшере албайбыз. Бирок эң өкүнүчтүүсү, долбоорду чийгени да, техникалык көзөмөлдөгөн да долбоордук институт болуп жатат. Азыр алар 100 млн деп жазса да текшере албайбыз. Анткени өзү чийип, өзү текшерип жатат.
-Мында долбоордук чекилиги болду дегенге негиз барбы ошондо?
-Бул долбоор башынан туура эмес түзүлгөн. Көзөмөлдөгөн ишкана башка болушу керек эле. Ал текшергенде: “Бул жери мындай болуп калыптыр, бул көлөмдөгү чыгым жок”, — деп баа берип турушу керек. Дүйнөлүк практикада да, биз салган башка жолдор да ушундай. Ушул кытайлар салган жолдо долбоордук институт өзүнө өзү көзөмөлдөөчү болуп алган. Бул өзү долбоор даярдап, өзү кол коюп ала берет дегендик. Негизи коррупциялык схема башында бар болчу.
-Депутаттар Бишкек жылуулук борборундагы коррупциялык көрүнүш аныкталгандан кийин түндүк-түштүк жолун да текшеребиз деп чыктыңыздар эле. Бирок андан бери аракетиңиздер солгундай түшкөндөй. Же андан баш тарттыңыздарбы?
-Жок. Баш тарткан жокпуз. Биз комитет менен былтыр барып келели дегенбиз. Суук түшүп жабылып калды. Жаңы жолдогу ашуулар жылына 2 ай эле ачык болот экен. Быйыл барып келели деп жатабыз. Атайын эксперттерди жалдаганбыз. Азыр бардык кагаздарын карап жатабыз. Анын үстүнө биз Бишкек ЖЭБдеги коррупциялык териштирүүлөрдүн жыйынтыгын күтүп жатканбыз. Ал өткөн жума чыкты.
—Иш да, жол да жарымына келди. Аны жокко чыгарып же баш тартуу негизсиз. Мындан кийинки иштер үчүн кандай сунуш же талаптарды коёсуз?
-Иш жарымына келди. Кредиттерди эми төлөп башташыбыз керек. Мындан кийин дагы жол курулуштун 2-3-фазалары бар. Анын тендерлери ачык өткөрүлүшү керек. Кытайлык компания мөөнөтүн кечиктирсе, биз ага талап коё билишибиз керек. Анткени батыраак иштесе экономикага да салым болмок. Мен комитеттик жыйында аларын техникалык көзөмөлдөөчү ишканасын алмаштырууну сунуш кылдым. Себеби курган киши башка, текшерген бөлөк болушу керек. Жалгыз болсо, өз айыбын жашырып, кылбаган иштерди кылынды деп жазып коёт. Ар бир кадамы шек жаратат. Мындай кыска убакытта 1 млрд долларга жол куруунун өзү туура эмес. Учурунда депутат Зиядин Жамалдинов мындай кымбат жолдун кереги бар-жоктугун сураса, ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев аны эл душманына чыгарган. Бул жол куруу ошол учурдагы башкаруучу партиянын коррупциялык схемасы болуп берген.
-Ошондо мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин командасынын акча кымырып алуу схемасы катары баалап жатасызбы?
-Ооба, 100 пайыз ошондой. Анын ордуна муктаж болгон кыргызстандыктарга үй салып берсе, же завод фабрика, жок дегенде темир жол салса пайдалуу болмок. 2018-жылы бүтөт деп жатышты эле, дагы деле кабары жок. Азыр 2021-жылга жылды деп жатат.
Акаевдин учурунда жол салганда деле өздөрүнүн схемаларын кылып, ошол кездеги Транспорт министри Жантөрө Сатыбалдиев кандай бутуна турду? Алар кымбат баада берип коюп, өз акыларын алып жүрүшкөн. Өкүнүчтүүсү, бул ишти жергиликтүүлөргө эмес, чет өлкөлүк компанияларга берет. Алардан акча алуу оңойго турат.
-Бишкек ЖЭБиндеги коррупциялык көрүнүштөр, келтирилген чыгымдар аныкталды. Курулуп жаткан жолдогу мындай фактыларды аныктоого болобу?
-Жол салуунуку оор. ЖЭБде жылуулук буу казандардын баасын билебиз. Эсептеп чыксаң болот. А жол салганда: “Биз тоннель казып келе жатсак, чоң таштар чыкты. Аларды жардырдык”,-деп кагазга жазып коюшат. Аны териштирүү оор болот. Жалпы айтканда, бул биздин кызыкчылыкка ылайык болбогон келишим түзүлгөн. «Чайна Роуддун» баалары аябай кымбат. Эмне үчүн? Бул боюнча “Ата Мекен” фракциясы сурашыптыр. Көрсө, ал компания утушу үчүн талаптарды ошого ылайыктап түзүшүптүр. Бардык нерсени тапса болот. Ал үчүн кызыктар болушубуз керек.
-Рахмат.