Биз менен байланышыңыз

УКМК: Баабиевдин сүйлөшүүлөрүндө аймактар аралык кастыкты козутуу чакырыктары бар

Кыска кабар | 21 Авг 2019 | 462 | 0

Фархад Баабиевдин 15-августта «YouTube» сайтындагы «Атамбаев тарапкерлери эмнени эңсеген?» аталышындагы сүйлөшүүлөрүндө аймактар аралык кастыкты козутуу чакырыктары бар экендиги аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Фархад Баабиев менен «Аман» аттуу жарандын сүйлөшүүсүндө Чүй облустунда Ош облусунун ишкерлерининин бизнестерин талап, үйлөрүн өрттөп аймактар аралык  кастыкты козутууга багытталаган чакырыкты байкоого болот.

Аталган видео социалдык тармактарды колдонуучулардын арасында нараазычылык жараткан болчу.

Буга байланыштуу, 15-августта УКМКнын Тергөө башкы башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренсинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту боюнча сотко чейинки өндүрүштүк иштердин негизинде, материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ошол эле күнү аталган факт боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында КР өкмөтүнө караштуу мамлекеттик соттук-экспертиза кызматы тарабынан лингвистикалык экспертиза дайындалган.

Мамлекеттик соттук-экспертиза кызматынын 20-августунда чыгарылган корутундусуна ылайык Баабиевдин сөздөрүндө аймактар аралык козутууга, зомбулукка ачык чыкарактар камтылган. Иликтөөдөн өткөн текстте мамлекетте башаламандыкты уюштуруп, учурдагы бийликти күч менен басып алуу алып келе турган чакырыктар бар экендиги аныкталган.

Учурда тийиштүү соттук-фоноскопиялык экспертиза жүргүзүү иш-чаралары белгиленип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, ошондой эле Биринчи май райондук соту тарабынан Баабиевге 7-8 августта Кой-Таш айылында фактылар боюнча тергөө амалдары аяктаганга чейин камакка калтыруу чечими кабыл алынган.

 

Copyright © 2017 Maral FM