Биз менен байланышыңыз

Атамбаевге байланышкан сот отуруму 11-майга жылдырылды

Кыска кабар | 6 мая 2020 | 883 | 0

Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна белгиленген Кой-Таш окуясы жана “Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулганына байланышкан сот иши 11-майга жылдырылды.

Бул тууралуу КСДП партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, сот башталбай жатып дагы кийинкиге калтырылды. Сот Атамбаевдин келбей калганын жүйө келтирген.

Соттук отурум 11-майга калтырылды. Судья мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин келбей калганын себеп катары карманууда. Атамбаев өзү катыша албаса да, сот процессинин өткөрүлүшүнө макулдугун билдирген кат берген. Ага карабай, сот ушундай чечимдерди кабыл алып жатат, — деди Жолдубаева.

Алмазбек Атамбаевге ондон ашык оор кылмыштар боюнча айып тагылууда. Анын бири — “Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу жана дагы бири Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш иши. Бул кылмыш иштерге байланыштуу Алмазбек Атамбаев баш болгон 14 киши айыпталууда.

Copyright © 2017 Maral FM