Биз менен байланышыңыз

Кой-Таш окуясы боюнча сот Атамбаевдин ден соолугуна байланыштуу жылдырылды

Кыска кабар | 23 Мар 2020 | 1943 | 0

Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотуна белгиленген Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүү кийинкиге жылдырылды. Буга кылмыш иш боюнча башкы айыпталуучулардын бири, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абалы начарлаганы себеп болгон. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев маалымат каражаттарына билдирди.

Түшкү тыныгуудан кийин Алмазбек Атамбаев калтырак басып, өзүн жаман сезген. Анын кан басымы түшүп кетти. Ал процесске катыша алат эле, — деди жактоочу.

Ал ошондой эле, сот отурумуна төрагалык кылуучу судья Марат Сыдыков өтүнүчтү четке кагып, процессти 30-мартка жылдырганын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM