Биз менен байланышыңыз

Каныбек Осмоналиевдин абактагы мөөнөтү дагы эки айга узартылды

Кыска кабар | 30 Апр 2020 | 814 | 0

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда экс-депутат Каныбек Осмоналиевдин бөгөт чарасы каралып, камактагы мөөнөтү 3-июлга чейин узартылды. Мындай чечимди Биринчи май райондук сотунун судьясы Чынгыз Бердимуратов кабыл алды. Бул тууралуу анын адвокаты Акин Токталиев билдирди.

2-мартта Ала-Тоо аянтында камактагы экс-депутат Садыр Жапаровду колдогон митинг өткөн. Акциядан кийин көпчүлүк эл Ак үй тарапка агылган. Алар менен күч органдарынын ортосунда кагылышуу чыгып, милиция элди күч менен тараткан.

Митингден кийин Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган деген шек менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиевди жана мурдагы судья Анар Дубанаеваны кармаган.

Сот алардын баш коргоо чарасын карап, 3-майга чейин камакка алуу чечимин тандаган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM