Биз менен байланышыңыз

Марипов: Жыл сайын 200 млн доллардан ашык тышкы карыз төлөнөт

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Июн 2019 | 632 | 0

Эсептөө палатасы мектептерде ата-энелерден чогултулган каражаттардын пайдаланылуусун текшере албайт. Анкени, чогултулган акча мамлекеттин каражаты эмес. Бул тууралуу аталган мекеменин төрагасы Улукбек Марипов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Эсептөө палатасы мамлекеттен каражат бөлүнгөн мекемелерди гана текшерүүгө милдеттүү. Алсак, Башкы прокуратура, укук коргоо органдары, УКМК жана башка маморгандар көзөмөлдөнөт.

«Бардык маморгандарда курулуш иштери жүрүп, сатып алуулар жүрөт. Ал боюнча да сунуштарды беребиз. Бирок бизнести текшере албайбыз, ага укугубуз жок. Ал эми бизди 3 жылда бир тышкы аудит текшерет. Аны Жогорку Кеңеш аныктап берет», — дейт Марипов.

Анын берген маалыматына таянсак, мамлекеттик казынадан жылына 200 млн доллардан ашык тышкы карыз төлөнөт. 2020-жылы бул көрсөткүч 300 млн доллардан ашат. Мамлекет ага азыртадан даярдык көрүшү керек.

«Бүгүнкү күндө өлкө эгемендүүлүгүн алгандан бери сырттан келген акчалардын колдонулушу боюнча аудит жүрүп жатат. Депутаттар менен чогуу иш алып барып, 2-3 айда жыйынтык чыгат», — дейт Марипов.

Copyright © 2017 Maral FM