Биз менен байланышыңыз

Маморгандар жайгашкан бала бакчалардын саны айтылды

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Июн 2019 | 464 | 0

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова «Марал» радиосуна берген маегинде 70тей бала бакчанын имаратында мамлекеттик органдар жайгашып алганын билдирди.

«Аталган бала бакчаларды толук алуу үчүн мамлекеттик органдарга жаңы имарат куруу зарыл. Анын ордуна 33 бала бакчаны кайтарып алып, дагы кошумча бала бакча салалы деген жыйынтыкка келдик», — дейт Өмүрбекова.

Анын айтымында, кийинки жылдан тарта мамлекет жеке менчик бала бакчалардын көрсөткөн кызматы үчүн ата-энелердин төлөмдөрүнүн 80 пайызын өзүнө алышы мүмкүн. Бул боюнча учурда аракеттер жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, мамлекет жеке менчик бала бакчалардын көрсөткөн кызматы үчүн ата-энелердин төлөмдөрүнүн 50 %ын өзүнө алат. 1-июндан тартып мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө социалдык долбоор өз ишин баштаган.

Социалдык кызмат үч жаштан беш жашка чейинки курактагы балдарга каралган. Ага көп балалуу үй-бүлөлөр, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, баккан адамынан айрылган, үй-бүлөнүн жалпы кирешеси 12 миң сомдон кем болгон кожолуктар, атасы же энеси I же II топтогу майып балдар, ата-энесинин бирөө же экөө тең мамлекеттик, муниципалдык кызматкер болуп, алардын ар биринин орточо айлык акысы 12 миң сомдон ашпаса катыша алат.

Ал үчүн ата-энелер өтүнмөлөрүн Билим берүү жана илим министрлигине жибериши керек. Өтүнмөнүн формасы жана керектүү документтердин тизмеси министрликтин edu.gov.kg сайтына жайгаштырылган.

Өмүрбекова: 35 бала бакчаны кайтарып алуу аракети көрүлүүдө

Copyright © 2017 Maral FM