Биз менен байланышыңыз

Өмүрбекова: 35 бала бакчаны кайтарып алуу аракети көрүлүүдө

Кыска кабар | 30 мая 2019 | 453 | 0

Менчиктештирилип кеткен же башка мамлекеттик органдарга берилип калган 35 бала бакчанын имаратын кайтарып алуу аракети көрүлүүдө. Анын ичинде, Бишкек шаарында мамлекеттик органдар ээлеп турган 11 бала бакчанын имараты бар. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Жогорку Кеӊеште билдирди.

«Азыр иликтөөнүн жүрүшүндө айрым имараттар жараксыз абалда экени аныкталды. Анын эки имараты кайтарылып алынды. Эми Октябрь жана Ленин райондорунун салык кызматтарын башка жерге которуу маселеси турат. Ал үчүн жарандарды тейлөөгө ыӊгайлуу имараттар изделүүдө», — деди Алтынай Өмүрбекова.

Вице-премьер-министр бюджеттен бөлүнгөн каражаттар негизинен жаӊы конуштардагы мектептердин курулушуна жумшалганын белгиледи.

 

Copyright © 2017 Maral FM