Биз менен байланышыңыз

Ош шаарында газ түтүктөрү оңдолот

Кыска кабар | 8 мая 2019 | 474 | 0

Бүгүн Ош шаарынын бир катар көчөлөрүндө табигый газ берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясынын коомчулук жана массалык маалымат каражаттары менен байланыш бөлүмү билдирет.

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу шаардын Ибраимов, Айтмаматов, Атаев, Ленин көчөлөрүндө жаратылыш газы убактылуу берилбейт. Бул газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүп жатканы билдирүүдө айтылат.

Copyright © 2017 Maral FM