Биз менен байланышыңыз

Франция Кыргызстандын демократиялык кадамын колдойт

Кыска кабар | 20 Апр 2019 | 416 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Франциянын Европа жана тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик катчысы Жан-Батист Лемуан менен жолугушту.

Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Өкмөт башчы өлкөнүн гидроэнергетика жана туристтик тармагындагы чоң мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен аталган тармактардагы долбоорлорду ишке ашыруудагы өз ара аракеттешүүнү активдештирүү зарылдыгына токтолуп, экономикалык тармактагы эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жан-Батист Лемуан өз кезегинде Франция өлкөсү туризмди өнүктүрүү, суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, инновация жана санариптештирүүнү киргизүү жаатында тажрыйба алмашууга даяр экенин айтты.

Мамлекеттик катчы кошумчалагандай, француз тарап Кыргызстан бийлигинин парламентаризмди өнүктүрүү жана демократияны чыңдоо боюнча аракетин колдоого алат.

Мындан тышкары, жолугушууда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Франция Республикасына карай сапарына даярдык көрүүнүн жүрүшү талкууланды.

Copyright © 2017 Maral FM