Connect with us

Кыргызстан менен Түркия туризм жаатында кызматташтыкты өнүктүрөт

Кыска кабар | 21 Май 2021 | 692 | 0

Туризм департаментинин директору Самат Шатманов Түркия кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) программасынын координатору Осман Уста менен жолугушту. Бул тууралуу аталган департаменттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда тараптар Кыргыз туризм тармагындагы приоритетүү долбоорлорду ишке ашыруу, мындан ары дагы кызматташтыкты чыӊдоо жана тыгыз кызматташуу иш-аракеттерин талкуулашты.

Ошону менен бирге Кыргызстандын аймагына кошумча туристтик көрсөткүчтөрдү жана санарип алкагында тарыхый, маданий туристтик объектилерди сүрөттөөчү QR-коддорду орнотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Copyright © 2017 Maral FM