Биз менен байланышыңыз

Улукбек Марипов менен Кытай элчиси кызматташтыкты талкуулады

Кыска кабар | 9 Апр 2021 | 1667 | 0

Премьер-министр Улукбек Марипов Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы Кытай Өкмөтү тараптан коронавирус инфекциясына каршы 150 миң доза «Sinopharm» вакцинасы түрүндө көрсөтүлгөн көмөгүнө ыраазычылык билдирди.

«Мамлекет башчы Кытай Эл Республикасына кыргыз элине берилген вакцинасы үчүн ыраазычылыгын билдирет. Үстүбүздөгү жылдын 29-мартынан тарта республикада эмдөөнүн биринчи этабы башталды. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча «Sinopharm» вакцинасын 700дөн ашуун адам алды. Медиктердин айтымында, вакцина алгандардын бардыгынын абалы канааттандырарлык, кандайдыр бир олуттуу терс таасирлери байкалган жок. Биз үчүн тобокел зонага кирген жарандарды эмдөө артыкчылыктуу маселе болуп саналат», — деди Марипов.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар транспорт, соода, инвестициялар, өлкөлөр ортосундагы авиакаттамдардын жандандырылышы жаатындагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, анын катарында «Торугарт» жана «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү пункттарынын иши боюнча маселелер талкууланды.

Ду Дэвэнь саламаттыкты сактоо, өзгөчө кырдаалдар жана башка тармактар боюнча техникалык көмөк көрсөтүү жаатындагы гранттык долбоорлорду ишке ашырууда учурдагы абал тууралуу маалымдады.

Өкмөт башчы Ду Дэвэнге кеңири чөйрөдөгү маселелер боюнча эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү көмөгү үчүн ыраазычылык айтып, келечекте Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди, ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо үчүн бардык күч-аракетти жумшоого даярдыгын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM