Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-Индия кызматташтыгы талкууланды

Кыска кабар | 20 Апр 2019 | 600 | 0

Өлкөнүн тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков бүгүн Индиянын Тышкы иштер министринин орун басары Гитеш Шарма менен жолукту.

Бул тууралуу министрликтин маалымат департаменти кабарлады.

Жолугушуу Кыргыз Республикасы менен Индиянын ортосундагы кыргыз-индия ТИМдер аралык консультацияларын өткөрүүнүн алкагында өттү.

Тараптар саясий жана маданий-гуманитардык кызматташуунун жогорку деңгээлин, экономикалык өз ара аракеттенүүнү жандандыруу зарылчылыгын, биргелешкен ишканалар менен финансылык институт түзүүнүн жана башка экономикалык долбоорлорду илгерилетүүнүн максатка ылайыктуулугун белгилешти. Алдыдагы Шанхай Кызматташтык Уюмунун Тышкы иштер министрлеринин Кеңешине жана Индиянын Премьер-министринин Кыргызстанга расмий иш-сапарына өзгөчө көңүл бурулду.

ТИМдер аралык консультацияларды өткөрүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди, анткени бул консультациялар алдыдагы иш-чараларды иштеп чыгууда негизги платформалардын бири болуп саналат жана кызматташуунун бардык спектрин конструктивдүү талкуулоого мүмкүнчүлүк берет.

Copyright © 2017 Maral FM