Биз менен байланышыңыз

Казакстанстандын Тышкы иштер министри Кыргызстанга келет

Кыска кабар | 20 мая 2021 | 626 | 0

Бүгүн, 20-майда Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапиль Жошыбаев менен жолукту. Анда Казакстанстандын Премьер-министринин орун басары, Тышкы иштер министри Мухтар Тлеубердинин Кыргызстанга боло турган расмий иш сапарына даярдыктар сүйлөшүлдү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө маектештер кыргыз-казак кызматташтыгынын күн тартибиндеги бир катар актуалдуу маселелер, жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, Казакстандын аймагы аркылуу товарлардын тоскоолдуксуз өтүшү, Кыргызстандын жарандарынын кыргыз-казак чек арасынан өтүүсүн жеңилдетүү, маданият күндөрүн өткөрүү боюнча пикир алмашышты.

Сүйлөшүүлөрдүн аягында тараптар Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы өз ара кызыкчылык жараткан бардык тармактарда тыгыз кызматташтыкты мындан ары чыңдоого ишеним билдиришти.

Copyright © 2017 Maral FM