Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Элден сатылып алынган сүттүн баасын жогорулатуу керек

Кыска кабар | 19 Апр 2019 | 427 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусунун Москва районундагы «Ак сүт» сүттү кайра иштетүү заводунун иши менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы кабарлады.

Өкмөт жер-жерлерде социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө жана жумушчу орундарды түзүүгө өз салымын кошуп жаткан экспортко багытталган ишканаларга ар тараптуу көмөк көрсөтөрүн Абылгазиев баса белгиледи. Ошол эле учурда элден алынган сүттүн баасын жогорулатуу керектигин айтты.

«Сүттү сатып алуунун баасын жогорулатуу керек. Өткөн жылы айрым райондордо 1 литр сүттү сатып алуу 13 сомго дейре түшкөн. Жарандар бааны тийиштүү деңгээлде кармап калууда көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Рынокто мындай абалга жол берилбеши керек. Адамдардын тийиштүү киреше алууга болгон үмүтү басаңдаган», — деди Премьер-министр.

Ишкана жетекчиси Кайрат Абдуллаев сүттү сатып алуу баасын 25 сомго дейре жогорулатууга даяр экендигин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM