Биз менен байланышыңыз

Ливияда маршал Хафтарды туткундоого ордер берилди

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Апр 2019 | 474 | 0

Ливия прокуратурасы өлкөнүн улуттук армиясынын фельдмаршалы Халифа Хафтарды туткундоого ордер берди. Бул тууралуу «Интерфакс» маалымат агенттиги кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, прокуратура Хафтар жана анын 6 шериктешин туткундоого буйрук чыгарган.

Ливияда учурда эки бийлик сакталып келет: өлкөнүн чыгышындагы Тобрук шаарында парламент жайгашса, батышындагы Триполи борбор шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу менен премьер-министр Файеза Сараджа жетектеген эл аралык бийлик тааныган топ башкарып келет.

4-апрелде Хафтар Триполиге карай жүрүш баштай турганын жарыялаган. Эки тараптын чатагы ошол күнү эле башталып, анын кесепетинен 200дөй киши курман болду.

Учурда тирешүү Ливиянын борбор шаары Триполиге жакын аймактарда жүрүүдө.

Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңеши жана өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги тирешүүнү аскердик күч менен чечүүгө болбостугун айтышып, Хафтарды тынчтык жол менен бир пикирге келүүгө чакырышкан.

Copyright © 2017 Maral FM