Биз менен байланышыңыз

Ливияда көп жылдан бери касташкан эки тарап бирдиктүү өкмөт түзүштү

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Мар 2021 | 575 | 0
Ливия Өкмөтүнүн премьер-министри Абдель Хамид Мухаммед Дбейба

Ливияда жарандык согуштун негизги катышуучулары болгон эки тарап бирдиктүү өкмөттүн курамын бекитишти. Парламентте добуш берүү Триполи менен Бенгазинин ортосундагы Сирт шаарында өттү.

Бул эки шаар жети жыл бою өлкөнү толугу менен көзөмөлгө алууну каалаган жаатташкан эки тараптын борбору болгон.

Жаңы өкмөт чатакташкан эки администрациянын ордун ээлейт. Ачык добуш берүүдө аны 132 депутат колдоп, экөө каршы чыгып, дагы 36 эл өкүлү катышкан жок. Шайланган администрация өлкөнү декабрда өтө турган шайлоо чейин башкарат.

Жаңы өкмөттү түзүү ­– согушту токтотуу боюнча БУУнун планынын бир бөлүгү. Премьер-министр Абдель Хамид Мухаммед Дбейба жетектеген Ливия Өкмөтүнүн курамына 2 вице-премьер-министр, 33 министр кирди. АКШнын Триполидеги элчиси Ричард Норланд парламенттин жыйынын «тарыхый отурум» деп атады. Добуш берүү БУУнун колдоосун тапты.

Эскерте кетсек, Ливия 2011-жылы өлкөнү көп жылдар бою башкарган Муаммар Каддафи өлтүрүлгөндөн кийин бирдиктүү мамлекет болуудан калып, ич ара согуш уланып келген. Өлкөдө кош бийлик пайда болуп, чыгышта башында маршал Халиф Хафтар менен кызматташкан бүткүл эл тарабынан шайланган парламент жетекчилик кылса, Триполи шаары жайгашкан өлкөнүн батыш бөлүгүн БУУ жана ЕБ колдогон Улуттук кеңеш өкмөтү башкарып келген. Өлкөнүн чыгыш аймактарын башкарган генерал Халифа Хафтардын «Ливиянын улуттук армиясы» Өкмөттү тааныбай, Триполиге маал-маалы менен чабуул коюп турган.

Египет, Араб Эмирлиги жана Орусия Хафтарды колдосо, Триполи бийлиги Түркиянын колдоосу астында аракет кылып келет.

Соңку учурда эки жээкке бөлүнүп калган калк жарандык согушту токтотууну, коронавирус пандемиясы менен күрөшүүнү жана экономикалык туруктуулукту сактоону талап кылып, көчөлөрдө нааразычылыкка чыга баштаган.

Copyright © 2017 Maral FM