Биз менен байланышыңыз

Ливияга аскердик жактан көмөк көрсөтүү токтотулду

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Янв 2020 | 538 | 0

Ливияга курал жеткирүүгө тыюу салган чечим кабыл алынды. Мындай чечим Ливиядагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча Берлин саммитинин катышуучулары тарабынан макулдашылды. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктар кызматы жазды.

Саммиттин катышуучулары Ливияга аскердик жактан көмөк көрсөтүүнү токтотууга макулдашты. Документке 16 өлкөнүн жана уюмдардын өкүлдөрү кол койду. Алар узакка созулуп кеткен жаңжал аскердик жол менен чечилбей турганын моюндашты.

Ангела Меркель Берлин конференциясы «узак процесстеги алгачкы гана кадам» экенин баса белгиледи. Жакын арада Ливияда узак мөөнөттүү элдешүү жараяны боюнча сүйлөшүүлөр өтөт. Учурда бул өлкөдө ок атышууну токтотуу режими өкүм сүрүүдө.

Бул үчүн Ливияда жаатташып жаткан тараптардын өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүлөт.

Эскерте кетсек, Ливия 2011-жылы өлкөнү көп жылдар бою башкарган Муаммар Каддафи өлтүрүлгөндөн кийин бирдиктүү мамлекет болуудан калган. Өлкөдө кош бийлик пайда болуп, чыгышта башында маршал Халиф Хафтар менен кызматташкан бүткүл эл тарабынан шайланган парламент жетекчилик кылса, Трипполи шаары жайгашкан өлкөнүн батыш бөлүгүн БУУ жана ЕБ колдогон Улуттук кеңеш өкмөтү башкарып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM