Биз менен байланышыңыз

АКШ ливиялык чатакташкан тараптарды аскердик аракеттерди токтотууга жана мунасага келүүгө чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Июн 2020 | 460 | 0

“АКШ Ливиядагы аскердик эскалацияга бардык тараптан каршы экендигин билдирет. Биз тараптарды согуштук аракеттерди токтотууга милдеттенме алууга жана токтоосуз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө чакырабыз. Биз БУУнун 5+5 тобундагы, «Каир демилгеси» жана «Берлин процессинин» алкагындагы сүйлөшүүлөрдүн негизинде жетишилген өнүгүүнү негиз кылышбыз керек”, — деп айтылат кеңештин Твиттердеги баракчасында.

Ливияда Триполини жана өлкөнүн батыш аймактарын көзөмөлдөгөн Файес Саррадж башында турган Улуттук Кеңеш Өкмөтүнүн жана Халифа Хафтар жетектеген Ливиялык улуттук армиянын ортосунда тиреш уланып келет. Биринчилерин Түркия колдоп келсе, экинчисин Египет колдоп келет.

Каирде 6-июнда Египет президенти Хафтар жана Ливиянын чыгышындагы парламенттин жетекчиси менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Жолугушуунун жыйынтыгында Египет президенти “каир демилгесин” сунуштаган. Анда 8-июндан тарта Ливиянын бардык аймактарында ок атууну токтотуу жана абалды саясий жактан жайкоонун шарттары сунушталган. Демилгени Орусия, АКШ, Сауд Арабиясы ошондой эле БАЭ колдосо, Түркия жана Хафтардын өкмөтү буга кескин түрдө каршы чыккан.

Эскерте кетсек, бир жылдан бери Хафтардын армиясы Триполи шаарын тартып алууга аракет жасап келет. Каршылашкан эки тарап тең курал жана аскер күчтөрүн сырттан алып жатышат деп бири-бирине доомат коюуда.

Акыркы апталарда Саррадждын аскерлери Триполи үчүн күрөштө кайсы бир деңгээлде ийгиликтерге жетишкендигин, Сирт шаарын жана башкалаадан чыгышты карай кеткен бир топ аймактарга ээ болушканын билдиришкен.

 

Copyright © 2017 Maral FM