Connect with us

Ливия боюнча ишке ашпаган келишим

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Фев 2020 | 657 | 0

Ливиядагы каршылаштар ок чыгарбоо режимине макулдашты. Бул тууралуу 24-февралда БУУнун Ливияны колдоо боюнча бюросу маалымдаган болчу.

Беш-бештен турган аскердик комиссиядан түзүлгөн топтук сүйлөшүү Женевада өттү. Келишим боюнча жай-жарандарга үйлөрүнө кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Эки тараптын кийинки жолугушуусу март айына пландалган.

Бирок, ошол эле убакта генерал Халифа Хафтардын тарапташтары БУУнун басымы астында сүйлөшүүгө катышпай турганын маалымдады. Хафтар колдогон парламент өкүлдөрү делегация мүчөлөрүн Женевадан чыгып, Ливияга кайтууга чакырган. Мындай чечимди «БУУ миссиясынын келишим жүргүзгөн тараптардын чечимине кийлигишүүсү» менен түшүндүргөн.

Буга чейин, Ливиядагы жагдай боюнча 19-январда, Берлинде эл аралык деңгээлде конференция өткөн. Ага Орусия, Түркия, Египет жана башка мамлекеттер, андан сырткары, Евробиримдиги менен БУУнун өкүлдөрү катышкан. Ошондой эле, Триполи башкаруучулары менен аларга каршы аракет жүргүзгөн маршал Халиф Хафтар катышкан. Бирок, сүйлөшүүлөр жыйынтыктуу болгон эмес.

Эскерте кетсек, Ливия 2011-жылы өлкөнү көп жылдар бою башкарган Муаммар Каддафи өлтүрүлгөндөн кийин бирдиктүү мамлекет болуудан калган. Өлкөдө кош бийлик пайда болуп, чыгышта башында маршал Халиф Хафтар менен кызматташкан бүткүл эл тарабынан шайланган парламент жетекчилик кылса, Триполи шаары жайгашкан өлкөнүн батыш бөлүгүн БУУ жана ЕБ колдогон Улуттук кеңеш өкмөтү башкарып жатат.

Египет, Араб Эмирлиги жана Орусия Хафтарды колдосо, Триполи бийлиги Түркиянын колдоосунда аракет кылып келет.

Copyright © 2017 Maral FM