Биз менен байланышыңыз

Түркия Хафтардын армиясына ок чыгарууга даяр

Дүйнө , Кыска кабар | 11 мая 2020 | 509 | 0

Түркиянын ТИМи Ливиялык улуттук армия кол салууларын күчөткөнүн билдирди. ТИМдин айтымында, кол салуунун объектилеринин бирине Триполидеги Түркия элчилиги да кирген. Бул тууралуу ТАСС элчиликтин маалымат булагына таянып жазып чыкты.

Ведомствонун билдирүүсүндө Анкара ЛУАнын аракеттери кайталана турган болсо, алардын позицияларына жооп катары ок чыгарары тууралуу айтылган.

Түрк тараптын айтымына караганда, Хафтар менен байланышкан топтор 9-майдан бери 100дөн ашуун ракеталарды коё беришип, Триполинин борборуна артиллериялык аткылоо жүргүзүшкөн. Өз кезегинде ЛУАнын өкүлү Хафтардын армиясы эл аралык конвенциялардын эрежелерин карманып, Триполидеги дипмиссияны аткылабаганын билдирди.  .

Эскерте кетсек, мындан мурдараак Хафтардын ливиялык армиясы курал жүктөп келе жаткан түркиялык кемени жок кылгандыгы тууралуу сөз кылган эле. Ошондой эле, Түркия Ливиянын борборунан алыс эмес жерге түркиялык Аскер деңиз күчтөрүнүн бөлүктөрү жана атайын даярдыктагы аскерлер үчүн аскердик база жайгаштырыларын айтып, ал жерге байланыш түйүнү орнотулуп, аскердик учактар үчүн учуп-коно турган тилкени курарын билдирген болчу.

Copyright © 2017 Maral FM