Биз менен байланышыңыз

Ливия ИИМ башчысы вагнерчилерди химиялык курал колдонду деп айыптады

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Апр 2020 | 666 | 0

Ливияда БУУнун колдоосу менен түзүлгөн Улуттук ынтымак Өкмөтүнүн ИИМинин башчсысы Фатхи Башага Орусиянын “Вагнер” тобундагы аскерлерин өлкө аймагында химиялык курал колдонду деп айыптады. Бул тууралуу Anadolu.агенттиги жазып чыкты.

-“Вагнер” тобу менен байланышкан куралдуу күчтөр Триполинин түштүгүндөгү Салахадин районунда биздин куралдуу бөлүмдөрүбүзгө карата нервдик-паралитикалык газды колдонушкан, — деди Башага Триполиде өткөн пресс-конференцияда. Ал химиялык куралдын кайсыл күндө колдонулгандыгын так айтып берген жок. .

Учурда Ливияда кош бийлик өкүм сүрүп турат. Өлкөнүн чыгышын Тобрукта БУУ колдогон парламент башкарат. Улуттук ынтымак өкмөтү (ПНС) жана жетекчиси фельдмаршал Халиф Хафтар болгон Ливиялык улуттук армиянын ортосундагы тиреш 2011-жылы Маммар Кадафи өлтүрүлгөндөн бери уланып келет. Эки тараптын ортосундагы конфликт 2019-жылы курчуган.

2019-жылдын ноябрында The New York Times гезити европалык коопсуздук кызматынын маалыматтарына шилтеме кылып, Ливияга орусиянын “Вагнер” тобундагы 200 аскери аскердик конфликтке катышканы келгендигин билдирген. Орусия президенти буга жооп кылып: “Ливияда орус жалданма аскерлери болушу мүмкүн, алар Орусия федерациясынын кызыкчылыгы үчүн аракет кылбайт жана мамлекет тарабынан каржыланбайт» деген пикирин билдирген.

Ал эми Орусияда учурда кылмыш кодекси боюнча жалданма аскер болгондугу үчүн жарандарын жоопко тартарын Znak.com. жазып чыккан. Анткен менен ММКлар дүйнөнү ар кайсы аймактарында, өзгөчө Сирияда “Вагнер” тобундагы жалданма аскерлердин аракеттери, алардын жоготуулары тууралуу жазып чыгышкан. Мындан сырткары, алардын Украинанын чыгышында да согуштук аракеттерге катышкандыгы айтылып жүрөт. Ал эми Anadolu агенттиги учурда Хафтар тарапта 1400 вагнерчилердин согушуп жүргөнүн жазды.

Copyright © 2017 Maral FM