Биз менен байланышыңыз

Трамп менен Эрдоган Ливия, Сирия тууралуу сөз кылышты

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Янв 2020 | 8921 | 0

АКШ президенти Дональд Трамп жана түрк кесиптеши Тайип Эрдоган дүйшөмбү күнү телефон аркылуу Ливияда ок атышууну жана Сирияда зордук-зомбулукту токтотууну сүйлөшүштү. Бул тууралуу Ак үйдүн пресс-катчысы Жад Дир өзүнүн Твиттердеги баракчасына маалымдады.

Эки тараптын лидерлери Ливияда сырткы кийлигишүүнү, режимди колдоону токтотуу тууралуу кеп кылышып, Сириянын Идлиб шаарында зордук-зомбулук актыларынынын алдын алуу жана Ливияда ок атууларды токтотуунун жолдорун талкуулашты.

Ошондой эле, сүйлөшүүдө түрк өлкө башчысына президент Трамп Түркия менен Греция Жер ортолук деңиздин чыгыш бөлүгү боюнча пикир келишпестиктерин жөнгө салуунун маанилүү экендигин белгилеп өттү.

Copyright © 2017 Maral FM