Биз менен байланышыңыз

Премьер-министр: «Кыргызстан-Кытай» газ түтүгү Кыргызстандын экономикасы үчүн чоң мааниге ээ

Кыска кабар | 19 Апр 2019 | 486 | 0

Мухаммедкалый Абылгазиев «SINO-Pipeline International Company Limited» уюмунун башкы директору Мэн Фанчунь менен жолугушту.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушууда «Борбор Азия — Кытай» магистралдык газ түтүгүнүн курамдык бөлүгү катары саналган «Кыргызстан — Кытай» газ түтүгүнүн курулуш долбооруна тийиштүү маселелер талкууланды.

Мэн Фанчунь Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге долбоордун жүзөгө ашырылышы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди. Ал ошондой эле, айыл чарба жана токой чарба өндүрүш жерлерин пайдалануудан келип түшкөн чыгымды жабуу үчүн компенсацияларды төлөп берүү, газ түтүгү кеткен трассанын боюндагы жер тилкелерин бөлүү жана трансформациялоо процесстеринин жыйынтыкталып жаткандыгы тууралуу маалыматтарды айтты.

Өкмөт башчы Кыргызстан жана Кытай ортосундагы ар кыл тармактагы өз ара пайдалуу кызматташтыктын динамикалык өнүгүүсүн жана кыргыз-кытай саясий диалогунун жогорку деңгээлде өтөрүн кошумчалады.

Премьер-министр «Кыргызстан — Кытай» газ түтүгүнүн курулуш долбоорун ишке ашыруу Кыргызстандын экономикасы үчүн чоң мааниге ээ экенин белгиледи. Ошондой эле бул иштин биргелешкен күч-аракетте жүзөгө ашырылышы өз мөөнөтүндө жана бардык экологиялык жана техникалык ченемдер, эл аралык стандарттар так сакталып, сапаттуу камсыздаларына ишеним билдирди.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча өтүүчү газ түтүгүнүн жалпы узундугу болжол менен 215 чакырым. Долбоордук өткөрүүчү кубаттуулугу жылына 30 млрд. куб метр газды түзөт. Кыргызстандын аймагы боюнча газ түтүгүнүн маршруту Ош облусунун Алай жана Чоң-Алай райондору аркылуу өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM