Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушу менен таанышты

Кыска кабар | 1 Апр 2019 | 472 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен районундагы Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушу менен таанышып чыкты. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов билдиргендей, Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча, Ак-Сай-Тамдык унаа жолунун курулушу уланууда. Азыркы тапта 24,5 км жолдун 13 чакырымы курулуп бүттү. Бул унаа жолдун курулушу Кыргызстандын аймагы боюнча Баткен районунун чектеш аймактарына тоскоолдуксуз унаа каттамдарын камсыз кылууну шарттайт.

Премьер-министр аталган жолдордун өзгөчө маанилүүлүгүн баса көрсөтүп, бардык курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу камсыздоону, ошондой эле жолдун айрым тилкелерин чоң жүк ташуучу унаалардын өтүүсү үчүн кеңейтүүнү карап чыгууну тапшырды.

 

Copyright © 2017 Maral FM