Биз менен байланышыңыз

Ташиев Германиядан Кыргызстанга бүгүн түнү учуп келет

Кыска кабар | 29 Апр 2021 | 675 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн кайра Кыргызстанга учуп келет. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.

Ташиев кечээ, 28-апрелде Германияга дарылануу үчүн учуп кеткенин бүгүн УКМКнын маалымат кызматы кабарлаган.

«Урматтуу Кыргыз элим! Мен кечээ 28.04. эртең менен ден соолугумду каратуу үчүн Германияга учуп кеткен элем, бирок бүгүнкү Баткендеги окуяларга байланыштуу кайрадан артка учуп чыктым, больницага жетпей кайттым. Буюруса түнү менен жетип барам. Баарыңыздарга сабырдуулук тилейм. Мекендин чеги өмүрдөн да кымбат, ынтымакта баарын женебиз!», — деп жазган Ташиев.

Учурда Баткенде кырдаал оор бойдон калууда.

Тажик тараптан чыккан октон 2 жаран жаракат алганы айтылууда. Буга чейин 4 адам жаракат алган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM