Биз менен байланышыңыз

Чек арадагы чыр: 580 жолу ок тийген Максат орто мектеби (сүрөт)

Блог , Кыска кабар | 4 мая 2021 | 1305 | 0

Бүгүн, 3- май Кыргызстандагы мектеп окуучулары үчүн кадимкидей окуу күнү. Бирок, Лейлек районунун Максат айылындагы 210 окуучу билим ала алган жок. Анткени, аталган мектепти 30-апрелде тажик тарап басып алып, керектүү буюмдарын алып, өрттөп, ар тарабынан ок атышкан. Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы билдиргендей, мектепке 580 жолу ок атылган.

Максат мектебинде жалпысынан 20 мугалим, 12 техникалык кызматкер, 210 окуучу бар.

Аталган мектепте 7 жылдан бери кыргыз тили жана адабияты сабагынан берген мугалим Бүзия Кошматованын айтуусунда, тажик тарап мектептеги аристонду, ашканадагы 2 чоң муздаткычты жана башка керектүү буюмдарды көтөрүп кетишип, калганын өрттөп салышкан.

«Бүгүн эртең менен келип эле документтерди карасам, баары күйүп кетиптир. Менин ойлогонум эле быйыл бүтүрүүчү болгон 9-класстарга кантип аттестат беребиз деген ой. Бир да документ жок, баары күйүп кетти. Өзүм мектеп директорунун да катчысы болуп иштейм, анын кабинетине кирип сейфти карасам, бардык документтер өрттөнүп кетиптир. Биздин абал ушундай. бизге эң башкысы чек араны аныктап, зым менен тосуп берсе дейт элек. Ошондой болгондо, анан биз коркпой жашасак керек эле».

Copyright © 2017 Maral FM