Биз менен байланышыңыз

ИИМ Академиясы Оренбург университети менен кызматташтык келишимине кол койду

Кыска кабар | 28 Мар 2019 | 491 | 0

Ички иштер министрлигинин Академиясынын башчысы Адылбек Бийбосунов жана Орусиянын Оренбург мамлекеттик университетинин ректору Жанна Ермакова кызматташтык боюнча эки тараптуу келишимге кол коюшту. Бул тууралуу ИИМдин Академиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Келишим эки мамлекеттин ортосундагы илим-билим алкагында кызматташтыкты кеңейтуу максатында кабыл алынды.

Эске салсак, 27-мартта «Илим жана билим берүүнүн өнүгүүсү — келечекке салынган инвестиция» аталышындагы Кыргызстан жана Орусиянын ректорлорунун форуму болуп өттү. Иш-чара Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында жүргүзүлгөн.

 

Copyright © 2017 Maral FM