Биз менен байланышыңыз

4-апрелде кыргыз-тажик чек арасы боюнча өкмөттөр аралык комиссия жолугат

Кыска кабар | 18 Мар 2019 | 617 | 0

4-апрелде кыргыз-тажик чек арасы боюнча өкмөттөр аралык комиссия жолугат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абиш Халмурзаев Маралга билдирди.

Өкмөттөр аралык комиссиянын жолугушуусунда чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо маселеси каралмакчы.

Кошумчалай кетсек, бүгүн 18-мартта кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюлуп, эки тараптуу сүйлөшүүдөн кийин жолдор ачылган.

Учурда Исфара-Ворух жана Баткен-Лейлек жолдорундагы транспорттук кыймыл кайрадан жанданып, унаалар өтө баштады.

Кыргыз-тажик чек арасында учурда абал туруктуу.

Copyright © 2017 Maral FM