Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев Улуу Британиянын Элчиси менен бизнести жакшыртуу боюнча сүйлөштү

Кыска кабар | 18 Мар 2019 | 483 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Улуу Британиянын элчиси Робин Орд-Смит менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өкмөт башчы белгиленгендей, кыргыз-британ алакаларын мындан ары бардык деңгээлдерде активдештирүү жана эки жактуу кызматташуунун ар кыл тармактарында конкреттүү долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу маанилүү болуп саналат.

Премьер-министр жана Улуу Британиянын элчиси бизнес жүргүзүү үчүн шарттарды жакшыртуу жана инвестициялык чөйрөнүн ачык-айкындыгын камсыздоо чараларын талкуулашты, бул биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзмөкчү.

 

Copyright © 2017 Maral FM