Биз менен байланышыңыз

Миграция кызматы Якутиядагы абалга тынчсызданууда

Кыска кабар | 18 Мар 2019 | 627 | 0

Кыргызстандын миграция кызматы Якутиядагы антимигранттык абалга тынчсыздануу менен карап, кырдаалды чечүү үчүн Миграция кызматынын башчысынын орун басары Самат Токтоболотов аталган шаарга учуп кетти. Бул тууралуу Миграция кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалматка ылайык учурда Саха Республикасында 10 миң Кыргызстандын жараны эмгектенент.

Миграция кызматы Кыргызстандын Якутияда жашап жаткан жарандарын улуттар аралык конфликти пайда кылуучу ар түрдүү аракеттерден алыс болууну суранат.

Кыргызстандын жарандарына каршы жүргүзүлгөн рейд боюнча учурда маалымат такталып жатат.

Кошумчалай кетсек, Якутиянын Комсомольск аянтында 17-мартта 200гө жакын адам чогулуп, миграция мыйзамдарын каттуулатууну талап кылышкан. Буга алдын ала алынган маалыматтар боюнча Кыргызстандын жарандары тарабынан жаш аялды зордуктаган окуя себеп болгонун орус басылмалары билдирди.

17-мартта эрте мененки саат 4:00 чамасында Кузьмин көчөсүндөгү балдар аянтчасынан белгисиз адам жаш аялды күч менен унаасына салып белгисиз тарапка алып кеткен. Ошол эле күнү кечиндеси аянтка адамдар топтолуп башталган.

Митинг аталган шаардын полицисы тарбынан ыкчам көзөмөлгө алынып, экстримистик чакрык менен кыйкыргандар кармалган.

Copyright © 2017 Maral FM