Биз менен байланышыңыз

Якутияда Кыргызстандын жаранын шылдыңдаган жергиликтүү тургун 3 суткага камакка алынды

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Мар 2019 | 849 | 0

Якутиянын шаардык соту Кыргызстандын жаранын шылдыңдаган А аттуу жергиликтүү тургунду 3 суткага камакка алуу өкүмүн чыгарды. Жергиликтүү тургун майда бейбаштык беренеси боюнча айыптуу деп табылган.

Сот отуруму 24-мартта болгонун SakhaNews басылмасы жазып чыкты.

Жергиликтүү тургун 23-мартта автоунаа базарында Кыргызстандын жараны менен чырдашкан. Анда ал кыргызстандыкты мазактап, айланасындагылардын эскертүүлөрүнө көңүл бурбастан, оозго алгыс сөздөрдү айтканы үчүн: жергиликтүү сот «Коомдук тартипти бузду» — деп таап, бейбаштык беренеси боюнча 3 суткага камакка алган.

 

Copyright © 2017 Maral FM