Соттор экономикалык кылмыштарга каралган рычагдарды колдонбойт. Бул тууралуу Бизнес-акыйкатчынын орун басары Нурлан Мусуралиев «Маралга» берген маегинде билдирди.
«Бул жагдай кооптондурат. Экономикалык кылмыш боюнча тергөө убагында да, түрмөдө да ишкер басымга кабылат. Абактан да кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү тарабынан жаңы талаптар коюлат. Биринчи кезекте ошолордун талабын аткарат. Жадагалса рейдердик басып алуулар да болот», — дейт Мусуралиев.
Анын айтымында, 2019-жылы күрөө кепилдиги түрүндө чараны тандоо үчүн прокурордун өтүнүчү боюнча 6 миң 934 сот материалынын ичинен соттор 2 гана материалды караган.
Айрым өлкөлөр декриминалдаштыруу жаатында мыйзамдарды иштеп чыгып, ишкер үчүн камакты айып салуу менен алмаштырган. Натыйжада алардын ишкердигине ири зыян келбейт.
Ал эми Кыргызстанда ишкерге кылмыш иши козголсо, дароо эле банктардагы эсептери тоңдурулат. Бул бизнеске олуттуу кедергисин тийгизет. Анын ордуна ишкердикти токтопой, тергөө паралелдүү түрдө жүрүшү керек. Эгерде тергөөчү далилдей албаса, анда бизнес жабыркабайт.
Тилекке каршы, Кыргызстанда кылмыш боюнча соттун чечими чыга электе эле коомчулукка маалымат тарап кетет. Бул да болсо ишкердин аброюна шек келтирет.