Биз менен байланышыңыз

Якутияда кыргыз диаспорасынын башчысы кармалды

Кыска кабар | 27 Дек 2019 | 1174 | 0

Якутиядагы кыргыз диаспорасынын башчысы Жазбек Бекболиев кармалды. Бул тууралуу «Комсомольская правда» маалымат булагы бүгүн, 27-декабрда  жазып чыкты. Бекболиевди кармоо учурунда анын жанынан миграциялык каттоого коюлган Кыргызстандын жарандарынын паспорттору чыккан.

Бул ишке якутиялык аялдын да тийиштиги бар деп айтылат. Ал кабыл алуучу тараптын тийиштүү документтерин даярдоого жооптуу болгон деп шектелүүдө, — деп билдирилген.

Маалыматка ылайык, мындай мыйзамсыз аракеттерден түшкөн каражатты топтун мүчөлөрү өз ара бөлүп алышкан. Бул топто канча киши бар экендигин тергөө азырынча айта элек.

Жазбек Бекболиевге карата “Адамдар тобу менен алдын ала бүтүм боюнча мыйзамсыз миграциялык иштерди уюштуруу” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Copyright © 2017 Maral FM