Биз менен байланышыңыз

Президент Жээнбеков Орусияда Путин менен жолугат

Кыска кабар | 26 Фев 2020 | 638 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 27-февралда Орусияга жасаган  иш сапарынын жүрүшүндө Орусия президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуусу күтүлүп жатат.

Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Мындан сырткары, Жээнбековдун Орусия Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана Коопсуздук кеңешинин төрагасын орун басары Дмитрий Медведев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландалган.

Президент Сооронбай Жээнбеков Белгисиз солдаттын мүрзөсүнө гүлчамбар коет жана Москва шаарынын ВДНХ аймагындагы «Кыргызстан» павильонуна барат.

Copyright © 2017 Maral FM