Биз менен байланышыңыз

Орусияда Кыргызстандын номуру тагылган унаада кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Кыска кабар | 22 Фев 2020 | 3622 | 0

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын чек ара башкармалыгы менен полиция биргеликте уюшкан кылмыш тобун колго түшүрдү. Шектүүлөрдүн унаасында Кыргызстандын номуру тагылган. Арасында Кыргызстандын жарандары болгондугу тууралуу маалымат айтылган эмес. Ыкчам-операция учурунда тартылган видеодон шектүүлөрдүн унаасына Кыргызстандын O 7117 AL мамлекеттик номуру тагылганын көрүүгө болот.

Федералдык коопсуздук кызматынын Челябинск облустук башкармалгынын маалыматы боюнча, кармалгандар өлкө аймагына мигранттарды мыйзамсыз киргизип жүрүшкөн. Аларга жасалма эмгек келишимин жасап берип, чек арадан өтүүгө жардам беришкен.

Мыйзамсыз миграция уюштуруу беренеси боюнча кармалгандарга кылмыш иш козголду, шектүүлөр 7 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн, — деп айтылат орусиялык басылмада.

Copyright © 2017 Maral FM