Connect with us

Шайлоонун артындагы күч — уюшкан кылмыштуу топ

Саясат | 21 Дек 2020 | 1529 | 0

Ички иштер министрлигинин «Марал» радиосуна берген маалыматына ылайык, ушул жылдын октябрь айындагы окуялардан кийин уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү баш көтөрүп, коомдук саясий кырдаалга таасирин тийгизип баштаган. Буга байланыштуу мекеменин жетекчилиги тарабынан аталган топторго каршы күрөш күчөтүлүп, ИИМдин каттоосунда турган 26 жаран ар кандай фактылар боюнча кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Акыркы 7-8 жылдын ичинде уюшкан кылмыштуу топтор эркиндикте болуп, көп маселени чечип келгенин Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Туратбек Мадылбеков билдирди.

Анын айтымында, бийликтегилер уюшкан кылмыштуу топту колдонуп үйрөнүп калгандыктан, алар шайлоо алдында кайрадан активдешүүсү толук мүмкүн. Ошондуктан булар менен шайлоо алдында эле эмес, 365 күн күрөшүп, дайыма көзөмөлдөп туруу керек.

«Бакиевдин учурунда шайлоо алдында уюшкан кылмыштуу топторду колдонуу башталган. Чиновниктердин баары пайдаланып, колдонуп келет. Убагында Анапияев дегени оппозициялык маанайдагы элдин баарын уруп-сабап, машиналарын талкалаган учурлары болгон. Андан кийин Атамбаевдин учурунда да ошондой болгон. Кара-Сууда Бабановдун командасы менен Матраимовдун командасы мушташкан. «Женго» дегенди баары билет. Эмне үчүн бийлик аны чыгарды, эмне үчүн аны колдонду? Эми кайра издөө жарыялап издеп жүрөт, «мышык-чычкан» ойноп. Мен өзүм башыман өткөргөм. Балдардын баарын чакырып, «бурап, бурап» колдоруна акчаны берип койгон. «Бул жакка добуш салбасаңар, эртең көрөсүңөр», — деп бөлөкчө тон менен сүйлөшөт. Аларды бүгүнкү күнгө чейин шайлоодо колдонуп келе жатышат, бүгүнкү  күндө деле иштейт».

Мындан сырткары ал 40 беренеден турган «Уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү жөнүндө» мыйзам иштебей калганын, аны өзгөртүү керектигин кошумчалады.

Журналист Семетей Талас уулу  уюшкан кылмыштуу топтордун кылмыштары күчөгөндө же жаңы бийлик келгенде, алар менен күрөш активдеше баштайт деп эсептейт.

Ал белгилегендей, уюшкан кылмыштуу топ менен байланышкандардын баарына «тотальный» күрөш жүрбөгөндөн кийин, кармаган менен жыйынтыгы деле жок. Учурдагы утурумдук кармоо иштерин уюшкан кылмыштуу топ менен күрөш деп атоого болбойт. Болгону элдин көзүн убактылуу будамайлоо, чыныгы күрөшүү мыйзам негизинде жүрүшү керек.

«Уюшкан кылмыштуу топторду кармоо операцияларында эч кандай маселе жок. Аларды кармай беришет. Маселе кармагандан кийинки этапта болуп жатат. «Кармалгандан кийин эмнеге чыгардыңар, бул эки киши өлтүрүптүр?» деген маселени эч ким козгобой жатат. Коомчулук койгондон коркот; парламент козгогондон коркот; баягы эле бийликке калган маселе. Өзүнүн күчүнө ишенген адилеттүү бийлик келсе, буларды ордуна коюу алты айлык мөөнөт эле. Экинчи уюшкан кылмыштуу топко кирбей тургандай мыйзам кабыл алуу керек. Алар менен иштеп жаткан спортчуларга да ошол сыяктуу чектөө киргизүү керек. «Эгер сен уюшкан кылмыштуу топтон белек алып, ошолор менен жүрсөң, анда сен мамлекеттин атынан мелдешке катыша албайсың» дегендей».

Жогорку Кеңешин депутаты Дастан Бекешов уюшкан кылмыштуу топтор менен канчалык күрөш жүрбөсүн, бүгүнкү күндө алардын күчү зор экенин, толук кандуу күрөш жүргүзүү үчүн жаңы мыйзам керектигин белгилейт.

«Алар басымдуу да болуп жатышат. Керек болсо, түрмөдө да аларга каршы туура эмес сүйлөсө, өлтүрүп кеткенге чейин барышат. Ошондуктан «смотрящий», «пахан» жана башкаларына өзүнчө түрмө куруп, ошол жерге алып баруу керек. Ошондо гана коркуп башташат. Азыр алар түрмө системасынын баарын билет. Уюшкан кылмыштуу топ менен толук күрөшүү үчүн жаңы мыйзам керек экендигин мурда эле айткам. ИИМ да бул боюнча жаңы долбоор алып чыккан, бирок Жогорку Кеңешке алып келишкен жок. Биздеги иштеп жаткан мыйзамда бир топ ченемдер көрсөтүлгөн эмес. Мисалы, алардын банктык эсептерин текшергенге, мүлктөрүн камакка алууга, керек болсо, дос-туугандарын текшерүүгө да болбойт. Ушуну мыйзамга так жазуу керек. Укук коргоо органдарында ушундай курал болушу керек». 

Кошумчалай кетсек, 2020-жылдын 10 айында уюшкан кылмыштуу топтордун 146 мүчөсү ар кандай фактылар менен кармалып, жоопко тартылууда. Аларга 90дон ашык кылмыш иши козголгон. Алардын арасында киши өлтүрүү, денеге оор залал келтирүү, адам уурдоо, опузалоо, каракчылык, алдамчылык жана башка кылмыштар бар. Кармалгандардын ичинен 9 адам криминалдык чөйрөнүн жогорку макамын алып жүргөндөр. Уюшкан кылмыштуу топтордон мыйзамсыз сакталган 12 курал-жарак, 90дон ашык патрон, алардын арасында АК-47 үлгүсүндөгү автомат, 6 ар кандай үлгүдөгү тапанча, 5 ар кандай калибрдеги сайсыз мылтык алынган.

Copyright © 2017 Maral FM